Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Орусия менен Грузия түз аба каттамын кайра жандандырышты


Бүгүн Georgian Airways ишканасынын чартердик рейси Москвага барды. Азырынча Орусия грузин компаниясына каттоого үч күнгө гана уруксат берди. 2008-жылдын жайындагы орус-грузин согушунан бери эки өлкөнүн учактары бири-бирине каттабай калган. Бирок алар азырынча дипломатиялык алакаларын жандандырыша элек. Орусия Грузиянын курамындагы Түштүк Осетия жана Абхазия республикаларынын Тбилисиден көз-карандысыздыгын тааныгандан бери дипломатиялык мамиле токтоп калган болчу.

XS
SM
MD
LG