Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Коммунисттер тарифтерге байланыштуу арыздарды өкмөткө жеткирет


Бүгүн Жогорку Кеңештеги Комунисттер фракциясы электр кубаттуулугунун жана жылуулуктун кымбатташына байланыштуу жыйын уюштурду. Иш-чаранын катышуучулары тарифтердин кескин кымбаттап кетишине нааразылыктардын билдирип, арыз-муңун айтышты. “Акниет күчтөрдүн биримдиги” уюмунун башчысы Валентина Житьенева бааларды көтөрүү боюнча чечим чыгарган өкмөт башчы Данияр Үсөновду кетирүү талабын койду. Фракция башчысы Исхак Масалиев “Азаттыкка” бул нааразылыктардын баарын өкмөткө жана президентке жеткиришерин, мамлекет башчы туура чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Кыргызстанда ушул жылдын январь айынан баштап электр кубаттуулугунун баасы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы беш эсеге кымбаттады. (EBM)

XS
SM
MD
LG