Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Баткенде мамлекеттик эки гезит имаратсыз калышы мүмкүн


Мамлекеттик мүлк министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактык башкармалыгы жарыялаган коммерциялык конкурска ылайык, 11-январь күнү Баткен облустук “Баткен таңы” жана райондук “Кызыл туу” гезиттеринин имараты сатыкка коюлат. Жергиликтүү массалык малымат каражат өкүлдөрү жана ЖМКларды колдоо борбору буга нааразычылыктарын билдиришүүдө. Эгер бул имарат жеке колго өтүп калса эки редакция ижара төлөө, же баш паанексиз калууга дуушар болот. Ошондуктан алар өкмөт бул имаратты сатыкка коюу чечимин кайра кайтарып, редакциянын эсебинде калтыруу керек деген кайрылууну президенттин катчылыгына жөнөтүү үчүн кол топтоп жатышат.

Эки кабаттан турган бул имарат Баткен райондук “Кызыл туу” гезити үчүн мындан 30 жыл мурда курулган болчу. (JsA)

XS
SM
MD
LG