Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Эртең генерал И.Исаковдун соту уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучу И.Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаров билдирди. А.Бекназаровдун айтымында, эртең (11-январда) айыпталуучуга сөз берилип, сот чечимин чыгарышы ыктымал. Анткени ага чейинки бардык соттук териштирүүлөр соңуна чыгып калган. Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы И.Исаковдун соту Бишкек шаардык аскердик гарнизондук сотунда жүрүп атат.

И.Исаковго министр кезинде кызматынан кыянат пайдаланган, Балыкчы шаарында аскердик техникаларды саткан деген айыптар тагылууда. Ага мындай айыптар ал кызматынан өз каалоосу менен кетип, президент К.Бакиевдин саясаты менен макул боло албай калганын билдирген соң тагылган. Генерал И.Исаков жана анын оппозициядагы санаалаштары козголгон кылмыш иштерин бийликтин саясий куугунтугу катары баалап келатышат.

Айта кетсек, 2009-жылдын 14-декабрындагы соттук угууда мамлекеттик айыптоочулар соттон И.Исаковду генералдык чинден ажыратууну, үй-мүлкүн конфискациялоону жана аны сегиз жылга эркинен ажыратууну сурашкан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG