Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Петровка окуясы боюнча сот 12-январда уланат


Буга чейинки соттук териштирүү 2009-жылдын 29-декабрында өтүп, соттук жараянда Москва районунун мурдагы акими Девтагы Аринов жана бир катар жергиликтүү тургундар күбө катары көрсөтмө беришкен эле. Соттук жараянда жалпы 300 ашуун адам күбө катары өтүүдө.

Былтыр апрель айында Москва районунун Петровка айылында жаңжал чыгып, жергиликтүү орус жана кыргыз улутундагы тургундар күрт улутундагылардын айылдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Бир канча үйлөр талкаланган. Жаңжалдын чыгышына, “жергиликтүү күрт улутундагы жигиттин төрт жашар кызды зордуктап, бирок жазасыз жүрөт” деген маалыматтын таркашы себепчи болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө тополоң уюштурган деген шек менен “Жашылдар” партиясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскуловдор кармалган. Ошондон бери алар Бишкектеги тергөө абагында жатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG