Россия бийликтери өлкө түштүгүндөгү Дагестан Республикасында жергиликтүү ислам согшучандарынын ана башыларынын бирин жок кылынганын маалымдашты. Кабарларга караганда, Махачкалада өкмөттүк күчтөр менен болгон аткылашууда “Махачкала-Шамкал саботажчыл-террордук тобунун” башчысы катары таанымал Мадрид Бегов окко учкан. ИНТЕР-ФАКС агенттигинин билдиришинче, Бегов 2004-жылга чейин Россиянын атайын күчтөрү-ОМОНдо кызмат кылган. Жумуштан айдалган соң Египетке окууга кетип, согушчандарга кошулуп кеткен. Өткөн жумада Махачкалада жанкетинин бомба чабуулунан беш милиционер набыт болгон.