Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө


Бул тууралуу Дзюдо боюнча улуттук федерациясы билдирет. Чемпионат Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө. Таймашка өлкөнүн бардык облустарынан келген 19 команда катышууда. Бул жолу - эркектер арасындагы беттеште сегиз салмактык категория болсо, кыздар арасындагы күч сынашууда алты салмактык категория бар. Таймаштын биринчи күнүндө 60 кг чейинкилер арасында Эдил Беккулов жеңишке жетти. 66 кг чейинки балбандар арасында Ислам Баялинов, 73 кг чейинки категорияда Азат Кубакаев чемпион болушту.

Кыздар арасындагы беттештерде 48 кг чейинкилер арасында Айзада Жаналиева, 52 кг чейинкилерден Салтанат Ахметжанова, 57 кг чейинки категория боюнча Елена Исакова алтын медал тагынышты. Эскерте кетсек, Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти Марат Бакиев өлкө президенти Курманбек Бакиевдин улуу баласы. (IJz)

XS
SM
MD
LG