Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Кочкордо төрөттөн төрт аял каза тапты


Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапты. Алардын үчөө 20-21 жаштагы тун энелер экенин укук коргоочу Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш райондук төрөт бөлүмүндөгү дарыгерлердин шалаакылыгынан улам чыгып отурат.

Төрөттөн каза тапкан келиндердин жакындары Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын дарегине кайрылуу жолдошуп, акыйкаттык таппай жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышты. Алар аймактык оорукана жетекчилигин жоопкерчиликке чакырып, өз ишин билбеген дарыгерлерди кызмат ордунан алуу талабын коюшууда. Булардын таламын талышып жаткан Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” маек курду.

- Чынара айым, сиз Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапканын айттыңыз. Бирок сиз ушу күнү да дарыгерлердин кош көңүл мамилесинен ымыркайлардын өлүмдөрү катталып жатканын айттыңыз. Мисал келтирсеңиз.

Чынара Тургуналиева: 2009-жылдын 28-ноябрь күнү Көк-Жар айылынан жаш келин толготуп келип, ушул кыштын күнү дарыгер төрөт бөлүмүнө кабыл албай, сыртта, сууктун күнүндө 2 саат үшүп туруп, жолдошу дарыгер таппай, аралыгы бир-бир жарым саат убакыт өтүп кетип, качан гана келин чыдабай калган кезекте дарыгер келип, анан ошондо да аны кабыл албай, келин сыртта тура берген.
"Бала тирүү калмак экен, сиздердин кайдыгер мамилеңерден улам бала 3 килограмм 900 грамм төрөлүп, ичинен өлүп калган" деп айтты.


Чыдабай калган кезде жолдошу дарыгерге кайрылганда "Балыкчыга барып төрөйсүңбү, кайсыл жакка барып төрөсөң ошол жакка барып төрөй бер" деп кайдыгер мамиле жасаган. Ошондо жолдошу "эгер жолдон төрөп салса эмне кылам" дегенде, Кадыркулова деген врач кошулуп барган экен.

Андан кийин Балыкчы шаарынын төрөт үйүнүн дарыгери "райондук төрөт бөлүмүнө келгенде, тез арада төрөткө кабыл алганда, бала тирүү калмак экен, сиздердин кайдыгер мамилеңерден улам бала 3 килограмм 900 грамм төрөлүп, ичинен өлүп калган" деп айтыптыр. Бирок ошол кезекте дарыгерди "сиз өзүңүз алып келиптирсиз, эми аягына чейин операцияга катыш" десе катышпай Кадыркулова качып кеткен экен.

- Бул фактылар боюнча сиздер кайсы жерлерге кайрылдыңыздар?

Чынара Тургуналиева: Биздин төрөт үйүндөгү Зуура Мураталиева ошол энелердин өлүмү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине 16-сентябрь күнү арыз менен кайрылган. Ошол күндөн ушул күнгө чейин министрлик тарабынан эч кандай чара колдонулган жок. Текшерүү барып атат дейт, бирок жыйынтыгын азыркы күнгө чейин уга элекпиз.

Андан тышкары Зуура Мураталиева төрт эненин өлүмү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусовго кайрылган. Сессияда каралган, бирок азыркы күнгө чейин жообун уга элекпиз. Жообун беребиз дешүүдө, биз ошону күтүп жаткан кезибиз.

"Азаттыктын" маалыматы: Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Кыял Мамбеталиевдин билдиришинче, соңку учурда укук коргоо органдарынын сурагына алынган акушер-гинекологдор кысымга чыдабай иштерин таштап кетип жатышат. 2009-жылы эле отуз төрт акушер-гинекологдун он төртү жумушун которгон.

"Азаттыктын" архивинен: Жаш айымдар эне болууга даярбы?

"Азаттык +" сыналгы берүүсүнүн бул чыгарылышында "Жаш айымдар эне болууга даярбы?" деген көйгөйлүү маселе талкууга алынды. Андан сырткары "Эмне үчүн айрым жаш энелер төрөттөн көз жумду? Буга ким жоопкер?" деген сыяктуу орчун суроолор козголду. 19.10.2009

"Жаш айымдар эне болууга даярбы?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:32 0:00
XS
SM
MD
LG