Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Тоголук футболчулар Африка кубогу мелдешине катышпайт


Тогонун улуттук командасынын футболчулары өз өкмөтүнүн кеңешине ылайык, Африка мамлекеттеринин кубогуна катышпайт жана мекенине кайтышат. Бул жөнүндө тандалманын капитаны Эмманул Адебайор билдирди. Мурдараак футболчулар мелдешке катышаары кабарланган эле. Жума күнү Тогонун улуттук тандалмасын тарткан автоунаа Анголанын козголоңчул Кабинда аймагынан өтүп баратканда буктурмага кабылып, чабуулда команданын башкы машыктыруучусунун жардамчысы, маалымат катчысы жана айдоочусу набыт болгон. Бул окуядан кийин Того өкмөтү улуттук команда Африка кубогуна катышпайт деп чечкен эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG