Египеттик археологдор Улуу Хеопстун пирамидасын курган жумушчулардын жаңы мүрзөлөрүн табышты. Өлкөнүн тарыхый эстеликтерди коргоо мекемесинин жетекчиси Захи Хавасстын айтымында, табылга мындан 4 миң жыл илгери жашап өткөн жумушчулардын турмуш шарттарын түшүнүүгө жардам берет. Көрүстөндөрдүн жайгашышы пирамидалар кулдар тарабынан тургузулган деген божомолдорду жокко чыгарат. "Кулдар пирамидага жакын жайга көмүлбөйт эле" дейт Хавасс.