Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Алайда акимчиликтин алдына эл чогула баштады


И. Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча ушул сааттарда райондук администрациянын алдына кишилер топтоло баштады. “Саат 11лерде сот адилеттигин талап кылган акциябызды баштайбыз,” дейт К. Сапарбаева.
Алайдын борбору Гүлчөдө жүргөн кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин маалымдаганы боюнча нааразылык иш-чарасына даярдыктар райондук маданият үйүнүн алдында да жүрүп жатат. Бул жерде И. Исаковдун тарапкерлери үндү бийиктетүүчү аппаратураларды орнотуп, митингге кам көрүшүүдө дейт кабарчы.

И. Исаков саясий куугунтуктун курмандыгы болуп жатканын белгилеген анын жердештери буга чейин бир нече ирет сот адилеттигин талап кылып, нааразылык акцияларына чыгышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG