Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

“Ак шумкар” партиясы баалардын жогорулашына каршы


Партиянын лидери Темир Сариевдин бүгүн тараткан билдирүүсүндө кеч болупр кала электе өкмөт элдин сөзүнө көңүл бурууга тийиш деп айтылат. Билдирүү ээси энергетика тармагын оңдоп-жөндөө шылтоосу менен Д. Үсөнов баштаган кыргыз өкмөтү энергетика бааларын шашылыш, ойлонбой туруп көтөрүп жаткандыгын белгилеп, буга чейин да төлөм акыларынын жогорулашы эч кандай ийгиликтүү натыйжаларга алып келбегендигин айтып кеткен. “Эмне үчүн энергетика тармагын калыбына келтирүүнүн мөөнөтү айтылбай жатат, анткени Д. Үсөновдун өкмөтү тармакты кантип тартипке салышты өздөрү да билбейт. Бүгүнкү негизги маселе –энергетика тармагынын жарактан чыгышы эмес, аткаруу бийлигинин катачылыктарын жашоо деңгээлинин баасы менен төлөп жаткан элдин жакырланышы. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү кеч болуп кала электе энергетика бааларын жогорулатуу саясатын кайра карап чыгуусу тийиш” деп баса белгилейт “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG