Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:49

И. Исаков: Үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийлик башкарып жатат


Бул тууралуу БЭКтин саясий бюро мүчөсү И. Исаков бүгүн сот жараянында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланууга жол бербегендигин, эч кандай аскердик техникаларды сатпагандыгын, өзүнө карата кылмыш иштери президент К. Бакиевдин башкаруу саясатына каршы чыккандыгы үчүн козголуп, бүгүнкү күнгө чейин сотто жүргөндүгүн белгилеп, мунун баары бийлик башындагылардын буйругу менен атайын жасалган иш экендигин айтып чыкты. Ал буга далил катары өзү Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турган 2008-жылдын 10-октябрында президент К. Бакиевдин башкаруу саясатына ачык каршы чыккандыгын айтып жазган кайрылуусун келтирди. “Качан гана Кыргызстанда жалпы элдин кызыкчылыгын ойлогон, эл үчүн кызмат кылган, мыйзамдуулукту ыйык туткан бийлик орномойунча, элдин турмушу оңолбойт, адилеттүүлүк болбойт, прокуратуранын өкүлдөрү азыркыдай бийликтин буйругун аткарууга барбайт,” деп белгиледи генерал И. Исаков. "Кырк жылдан ашык маңдай терим менен жеткеним -генералдык чин эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду. Адвокат Азимбек Бекназаров болсо “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп белгилеп, генералдык белгини алып койду.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго "министр болуп турганда кызмат абалынан пайдаланган, аскер кызматкерлеринин балдарына Жаңы жылдык балаты уюштурган, 8-мартта аскердеги аял кызматкерлерди куттуктоого каражат бөлгөн, Балыкчыда аскердик техникаларды саткан, министрликке тиешелүү батирди уулуна өткөрүп берген" деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. Мурдагы соттук териштирүүдө айыптоочулар бул үчүн И. Исаковду генералдык чининен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну сурашкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG