Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Алайдагы акцияга 300дөн ашуун киши катышууда


Райондук акимчиликтин, маданият үйүнүн алдында башталган нааразылык иш-чарасы жөө жүрүш менен коштолууда. Мурдагы коргоо министри И. Исаковду куугунтуктоону токтотуу талабына энергетикага байланыштуу талаптар да кошулду. Ушул тапта райборбордун көчөлөрүн жөө жүрүш жасап кыдырып жүргөндөр “Энергетика мамлекеттин менчигинде калсын!”, “Электр энергиясына, жылуулукка, ысык сууга баалар көтөрүлбөсүн!” деген талаптарды да коюп жатышат. Алар эгер талаптары аткарылбаса, Бишкекке карай жөө жүрүшкө аттанышарын билдиришүүдө. Нааразылык иш-чарасы тынч өтүп жатат, деп билдирди аймакта жүргөн кабарчыбыз А. Токсонбаев.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго коюлган айыптар боюнча соттун чечими саат 16:00 белгилүү болот. Өткөн жылдын 14-декабрында болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар И. Исаковду генералдык чининен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискациялоону жана 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сурашкан.

И. Исаковго коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланган, Балыкчы аскер бөлүгүнөн автоунаа саткан деген айыптар менен кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин мамлекетти башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан баш тарткандан кийин, 2008-жылы декабрь айында козголгон. Генерал өзү жана анын тарапкерлери бул айыптоолорду четке кагып, саясий куугунтук деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG