Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

2010-жыл Мурас жылы деп жарыяланды


Маданият боюнча агенттиги 2010-жылды Мурас жылы деп жарыялады. Бул үчүн бир жылга эсептелинген иш-аракеттер планы бекитилгенин аталган агенттиктин басма сөз кызматчысы Мамасалы Апышев билдирет. Жыл ичи өлкө аймагындагы маданий мурас деп эсептелинген бардык обьектилер корулуп, сактоо чаралары көрүлөт. Мындан тышкары материалдык эмес - оозеки элдик чыгармаларды да маданий мурас катары сактоо боюнча иш-чаралар уюштурулат. Ушул жылдын сентябрь айында “Дүйнө элдеринин эпостор фестивалы” өтмөкчү. Ошондой эле быйыл агенттик белгилүү композитор Муратаалы Күрөңкеевдин 150 жылдыгын жана опера аткаруучусу Болот Миңжылкиевдин 70 жылдыгын өткөрүү боюнча максаттар коюп жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG