Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

“Манаста” 4,2 кг героин менен орусиялык жаран кармалды


Эл аралык “Манас” аэропортунда 4,2 кг героин менен орусиялык жаран кармалды. 57 жаштагы Орусиянын жараны Шавкат Ризоев Бишкек - Санкт-Петербург авиакаттамынын жүргүнчүсү катары бажы көзөмөлүнөн өтүп жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. «Рапискан» аттуу рентгенаппарат анын чемоданында шектүү заттарды аныктап, текшерүүдө чемодандын ички капталындагы кошумча чөнтөктөн 74 желим баштыктагы героин чыккан. Бул факт боюнча кымыш иши козголгонун Бажы кызматынан билдиришти. (EK)

XS
SM
MD
LG