Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сотко киргизилди


Бишкек гарнизондук аскер сотунда журналисттерди, И. Исаковдун тарапкерлерин имаратка киргизбөө аракеттери ишке ашкан жок. Бир нече мүнөт эч негизсиз сот жараянына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгандарды курчап турган милиция кайрадан залга киргизди. Ушул тапта залдагылар И. Исаковго карата соттун чечимин күтүп атышат.

И. Исаковго коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланган, Балыкчы аскер бөлүгүнөн автоунаа саткан деген айыптар менен кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин мамлекетти башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан баш тарткандан кийин, 2008-жылы декабрь айында козголгон. Генерал өзү бул айыптоолорду четке кагып, муну бийликтин жасаган саясий куугунтугу деп түшүндүрүп келет.

Өткөн жылдын 14-декабрында болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар И. Исаковду генералдык чининен ажыратуу менен үй-мүлкүн конфискациялоону жана 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сурашкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG