Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Газдын баасы 220 доллар деп бычылды


Бул тууралуу өкмөт башчы Д. Үсөнов бүгүн президент К. Бакиевдин кабыл алуусунда болгон учурда маалымдады. Анын айтуусунда быйыл көгүлтүр от үзгүлтүксүз берилет. Энергетика тармагынын абалы тууралуу президентке маалымат берген премьер-министр алдыга өлкө боюнча 500дөн ашуун жаңы трансформаторлорду орнотуу, 200дөн ашуун электрлинияларын ремонттоо максаттары коюлганын билдирди. Президент өкмөткө элди электрэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырып, 2010-жылдын 1-апрелинен тартып өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясын чектөөнү токтотууну, кийинки жылдары элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну талап кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстан Өзбекстандан сатып алган көгүлтүр от үчүн өткөн жылы миң метр кубуна 240 доллардан төлөп келген. Мурдагы жылы бул баа 145 доллар болчу.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG