Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

АКШда Иран боюнча күтүлбөгөн кырдаал үчүн да план бар


Бул тууралуу АКШнын Жакынкы Чыгыш, Перси булуңу, Борбор Азиядагы күчтөрүнө жетекчилик кылган Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус билдирди. Ал СNN телеканалындагы интервьюда белгилегендей, Вашингтон Ирандын өзөктүк программасын токтотууда дипломатия жана санкциялардан майнап чыкпай калган шарт үчүн план иштеп чыккан. Америкалык генерал ал планды “күтүлбөгөн кырдаал” үчүн деп мүнөздөдү, бирок аки-чүкүсү тууралуу айткан жок. Петреус ошондой эле Ирандын өзөктүк жайларына аскерий сокку жасалуу ыктымалдуулугун да комментарийлөөдөн баш тартты. Тегеран уран бай ытуу боюнча Улуттар уюмунун ортомчулугу менен даярдалган келишимди кабыл алуудан баш тарткан соң, АКШ азыр Иранга каршы БУУнун санкцияларынын төртүнчү айлампасын киргизүү боюнча аракеттерди жетектөөдө. Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоого аракеттенип жатат деген ырастоолорду төгүндөп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG