Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:35

И. Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды


Бишкек аскердик гарнизондук соту И. Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүүнү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Соттун чечими залдагы элдин нааразылыгын жаратты. Мурдатан даярдалган аскер адамдарды И. Исаковду камакка алышты. Азырынча сот чечими боюнча кандай кадамдар жасалары белгисиз.
Ал эми мамлекеттик айыптоочулар сураган И. Исаковдун үй-мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү канааттандырылган жок.

И. Исаковго коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланып, коргоо министрлигине тиешелүү батирди уулуна берип койгон, Балыкчы аскер бөлүгүнөн автоунаа саткан, аскер кызматкерлеринин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурган, 8-мартта коргоо министрлигиндеги аял кызматкерлер үчүн майрам уюштурууга акча бөлгөн деген айыптар тагылган. Булардын ичинен "министрликке тиешелүү батирди уулуна берген" деген айып боюнча гана чечим чыгарылды, калган экөө кылмыш ишинин жоктугуна байланыштуу алынып салынды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG