Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Футболчу Тетте менен Тагонун маселеси жакында каралат


Кыргызстандын Футбол федерациясы “Дордой-Динамо” Москвадагы мелдештен кайтып келгенден кийин аталган клубдун эки оюнчусунун ишин карай турганын билдирди. “Дордойдо” ойногон Тетте менен Таго жакында эч кимге эскертпей Тажикстандын “Вахш” клубуна кетип калганы маалым болгон. Клубдун машыктыруучуларынын бири Замир Жумагулов бул эки африкалык футболчу Кыргызстандагы келишими боюнча, башка команданын катарында ойной алышпай турганын билдирген. Мындай кадамы үчүн алар сот жообуна тартылышы мүмкүн экенин эскерткен. Кетип калган футболчунун бири Даниел Таго Кыргызстанда 2009-жыдын мыкты футболчусу деп табылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG