Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:47

Кыргызстан Кытай менен экономикалык долбоорлорду ишке ашыргысы келет


Бул тууралуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиев Кытайда аталган өлкөнүн мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Чжан Децзян менен жолугушууда билдирди. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун, “Датка” подстанциясын, “Датка-Кемин” электрлиниясын курууга, Бишкек ТЭЦи боюнча ири долбоорлорду ишке киргизүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин айтты. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Чжан Дэцзян М. Бакиевдин алгачкы иш сапары Кытайга жасалганына ыраазычылык билдирди. Айрым байкоочулар кыргыз өкмөттүнүн делегациясын Кытайга Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги эмес Максим Бакиевдин өзү жетектеп кеткенин сынга алышууда. М. Бакиевдин иш сапары бүгүн да уланат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG