Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:39

Петровка: Камалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө өтүнүч жасалат


Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдук жактоочу Наргиза Абдылдаева маалымдады. Анын айтымында, тополоңго тиешеси бар деп камакка алынган укук коргоочу Сапар Аргынбаев менен “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин 26- апрелге чейинки телефондук сүйлөшүүлөрүнүн тизмеси текшерилди. Анда марттын этегинен баштап 26- апрелге чейин бир да жолу сүйлөшпөгөнү анык болгон. Бул экөөнө жаңжалды уюштуруу иштерин телефон аркылуу жүргүзгөн деген доомат коюлуп жаткан болчу. Өткөн жылы апрель айында Петровкада күрт улутундагы жигит кичинекей орус кызды зордуктады деп нааразыланган жергиликтүү эл айылдагы күртөрдүн баарынын көчүп кетишин талап кылышкан. Тополоңдо бир нече үй талкаланган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG