Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Саясий куугунтукту токтотуу талабы менен ачкачылык акциясы башталат


Иш-чараны саясий куугунтукталып жаткандарды коргоо комитетинин төрагасы Т. Тургуналиев баштаган беш киши баштамак болду. Акция 13-январдан тарта социал-демократтар партиясынын башкы кеңсесинде жүргүзүлөт. БЭКтин саясий бюросу мындай жыйынтыкка өлкөдөгү бүгүнкү коомдук-саясий кырдаалды талкуулагандан кийин келди. Нааразылык иш-чарасынын башкы талабы –жарандарды саясий ишмердүүлүгү үчүн ар кандай себептерди шылтап куугунтуктоону токтотуу.

Саясий куугунтуктоодон коргоо комитетинин маалыматы боюнча акыркы беш жылда бийликтин куугунтугуна туш болгон адамдардын саны 10 эсеге өскөн. Алардын арасында бийликке каяша кылган саясатчылар, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Оппозиция бийликтин башкаруу саясатын сынга алганы үчүн бүгүнкү күнү сот жообуна тартылып, камакка алынгандар, алардан тышкары өмүрүнүн коопсуздугу үчүн башка чет мамлекеттерге баш калкалап кеткендердин саны арбыды деп билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG