Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Петровка чатагы боюнча сот 14-январга жылдырылды


Буга бүгүнкү жараянда көрсөтмө берүүчү күбөлөрдүн келбей калганы себеп болду. Ошондой эле бул күнкү соттук териштирүүгө айыпталып жаткандар Э. Бөлөкбаев менен С. Аргынбаевдин телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн тизмеси да апкелинбеген. Мына ушуга байланыштуу адвокаттар айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч жасоону да кийинкиге калтырышты.

2009-жылдын 26-апрелинде Петровка айлында жергиликтүү тургундар күрт улутундагы элдин баарын айылдан чыгып кетүүсүн талап кылып, баш-аламандык болгон. Буга күрт улутундагы А. Осмоновдун 4 жашар кызды зордуктап, жазасыз ээн-эркин жүрүшү себеп берген. Бул окуяга байланыштуу райондун акими, РИИБнүн жетекчиси жана прокурор кызматтан алынышкан. Кийинчерээк Москва райондук соту А. Осмоновду 20 жылга эркинен ажыраткан.

27-апрелде болсо Петровка чатагын уюштурган деген айып менен оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү: “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин президенти С. Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынышкан. Булардын үстүнөн сот иши сентябрь айынан бери уланып келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG