Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

И. Исаковдун үй-бүлөсү аны менен жолугушууга уруксат ала алган жок


И. Исаковго жылуу кийим-кечелерин берүү үчүн жолугушуу сурап эртеден бери аскердик соттун алдында турган жубайы менен уулунун аракети ишке ашкан жок. И. Исаковдун адвокаты А. Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча буга аскердик сот төрагасынын тууганы каза болгону себеп болгон: “Чубак Абышкаев тажияга кетти деп, аскер соту толук иштебептир, кечээки соттун чечимин алуу үчүн жактоочулары да кечке акыйып күтүп, эч натыйжа чыкпады,” дейт адвокат.

Мурдагы коргоо министри И. Исаков кечээ Бишкектеги аскердик гарнизондук соту тарабынан 8 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган. Ага коргоо министрлигине тиешелүү квартираны уулуна берип койгон деген айып тагылды. Бул квартира кайра эле И. Исаковдун өзүнүн буйругу менен көп балалуу аскер кызматкерине берилгени сотто айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG