Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

М.Садыркуловдун жубайы маркум күйөөсүнүн алтын чынжырчасын издөөдө


Маркум Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова сот органдарынан жана прокуратурадан күйөөсүнүн алтын чынжырчасын кайтарып берүүнү суранууда. Бул тууралуу ачык катын А.Садыркулова бүгүн Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева жана Башкы прокурор Нурлан Турсункуловго жолдоду. Жесир айымдын адвокаты Леонид Лужанский 13- марттагы жол кырсыгы боюнча Жогорку Соттун 2009-жылдын 4-ноябрында аяктаган жыйынынан бери Башкы прокуратура жана Аламүдүн райондук сотунда М.Садыркуловго таандык деп табылган алтын чынжырчаны кайтара албай келет. А.Садыркулова катын ошондой эле Чүй облустук сотунун төрагасы Д.Айжигитов жана Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Т.Мамытовго жолдогон. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG