Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Ядролук физика боюнча окумуштуунун өлүмүн Тегеран АКШ менен Израилден көрдү


Тегеран университетинин профессору, физик Массуд Мухаммадин үйүнүн босогосуна коюлган дүрмөттөлгөн мотоцикл жарылганда набыт болгон эле. Ирандын тышкы иштер министрлиги бүгүн бул боюнча билдирүү таратып, “алдын ала иликтөөлөр буга америкалыктар менен израилдиктердин тийиштиги бар экенин көрсөттү” деди. Бирок ал окумуштуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча ишке тартылганбы-жокпу - айтыла элек.

Мамлекеттик маалымат каражаттары “ислам режиминин колдоочусун өлтүрүштү” деп билдирди. Ошол эле учурда, профессордун аты буга чейин оппозициялык лидер Мирхусейн Мусавини колдогондордун тизмесинде да болгону айтылат.

Соңку мезгилдерде Иран Батыш менен өзүнүн өзөктүк программасынын айланасында талашып-тартышып келатат. Батыш Тегеранды атомдук бомба жасап жатат деп айыптайт. Иран болсо муну четке кагып, өзөктүк программасы жайчылык максатта өндүрүш үчүн энергия алууга гана багытталганын айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG