Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Ооганстандагы митингде алты адам набыт болду


Ооганстандын Хелманд вилоятындагы айылда бүгүн митинг болуп, полиция менен эл кагылыша кетти. Тополоңдо алты адам набыт болуп, дагы бир топ киши жаракат алганы кабарланууда. Гармсир кыштагында НАТОнун аскерлери рейд өткөргөндө ыйык Куран китебинин көчүрмөлөрүн жок кылышкан деп нааразы болгон эл көчөгө чыккан. НАТОнун расмий өкүлү рейд учурунда Куранды жок кылышкан деген маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG