Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Алайлыктар президенттен И. Исаковдун акталышын талап кылышууда


Оштун Алай районундагы мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо комитети нааразылык акциясын улантып жатат. Окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин билдиришинче, алайлыктар Сопу-Коргон кыштагынын оозуна боз үй тигип, түнү ал жерде элүүгө жакын адам болду. Тартип коргоо органдары көз салып, акция катышуучуларын бирден чакырып тарап кетүүсүн талап кылышты. Кечээ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразылык акциясынын катышуучулары менен жолугуп бул иш-аракеттери мыйзамсыз экенин эскетишкен. Алардын И. Исаковдун акталышын талап кылган кайрылуусун президентке жетикирип, жообу бир күндө берилерин убада кылышты. И. Исаковду коргоо комитети эгер талаптары аткарылбаса Ош-Эркечтам жолу бууларын айтып жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG