Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

И. Исаковду коргоо комитети бүгүн мөөнөтсүз ачкачылык акция баштайт


Бул тууралуу комитет төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. 12-январда Бириккен элдик кыймыл жыйынга чогулуп мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду жана Петровка окуясы боюнча соттолуп жаткандарды коргоо боюнча комитет түздү. И. Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров Бишкек гарнизондук сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанцияларга кайрылганы жатканын билдирди. 11-январда мурдагы коргоо министри И. Исаков сегиз жылга эркинен ажыратылды. Айыпталуучу өзүнө коюлган күнөөлөрдү саясий буйрук, деп баалап мойнуна алган жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG