Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

У.Мелисбек: “Манас” эпосуна автордук укук берилбейт


Бул тууралуу Мамлекеттик патент кызматынын директору Улан Мелисбек уулу “Ак жол” фракциясында “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү” боюнча мыйзам долбоорун талкуулоодо билдирди. Анын айтымында, жалпы кыргыз элине таандык “Манас” эпосун айрым кишилердин (манасчылардын-авт.) укугуна байлап койсо, анда эпосту башка коомчулук колдоно албай калат. “Эгерде автор дүйнөдөн өтсө мураскерлерине алардын укуктары өтүшү керек. Бирок биз аларга укукту таңуулай албайбыз. Бул жалпы кыргыз элинин эпосу. Ошон үчүн бул маселенин автордук укук мыйзамына эч кандай тиешеси жок”,-дейт У.Мелисбек уулу. “Ак жол” фракциясынан депутат Бегалы Наргозуев Кыргызстанда “Манас” эпосунун бир нече варианты бар экенин, ар бир манасчы өзүнүн айтуусу боюнча автор катары эсептелерин айтып, “манасчылардын автордук укугу катталабы”,- деген суроо узаткан эле. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG