Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Бишкекке Алматыдан тергөөчүлөр тобу келди


Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергеп-иликтөө үчүн Казакстандын тергөөчүлөр тобу, Кыргызстандын ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен бирдикте иш алып баруу үчүн Бишкекке келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул иш чара “Жарандык, кылмыш жана үй-бүлөлүк иштер боюнча укуктук жардам жана мамилелер тууралуу” Кишинев конвециясына ылайык жүргүзүлөт.

Геннадий Павлюк 16-декбарда Алматы шаарынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан колу-буту таңылып ыргытылган. Ал катуу жаракаттан эсине келе албай 22-декабрда ооруканада каза болгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG