Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Сопу-Коргонго беш боз үй тигилет


Бул тууралуу Исмаил Исаковду коргоо комитетинин Алайдагы мүчөсү Таалай Зикиров бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, азыркы мезгилде жолдун боюна үч боз үй тигилди. Төртүнчү жана бешинчи үйдү тигүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Жалпысынан 150 дөй киши турат. Алар ошондой эле ачкачылык акциясын баштоо аракетин да көрүп жатышат.

Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары жана Алай районунун акими нааразылык акциясына чыккандар менен кечээ күнү жолугушуп, алардын Исмаил Исаковду бошотуу талаптарын президентке жеткирүүгө үч күн сураган. Ал мөөнөт 15-январдан тарта аягына чыгат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG