Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

9 адам ачкачылык акциясында


Социал демократтар партиясынын баш кеңсесинде Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев менен Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков баш болгон жалпысынан тогуз адам мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганына наразылык билдирип, ачкачылык акциясын башташты. Алардын саламаттыгына “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев көз салып турмакчы.
12-январда Бириккен элдик кыймылдын жыйыны болуп, анда Исмаил Исаковду жана Петровка окуясы боюнча cоттолуп жаткандарды коргоо комитети түзүлүп, төрагалыгына Топчубек Тургуналиев шайланган.
11-январда Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковду сегиз жылга кесүү жана генерал-лейтенанттык наамынан ажыратуу чечимин чыгарган. Исаков акыркы сөзүндө ага коюлуп жаткан айыптардын бирөөсүн да мойнуна албастыгын жана ал саясий себептерден куугунтукка алынып жатканын билдирген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG