Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Гаитиде күчү 7 баллдык жер титирөө болду


Кечээ Испаниола аралында жайгашкан Гаитиде күчү 7 баллдык жер титирөө болуп, бир катар имарттар кыйраган болчу. Борбор шаар Порт-о-Пренсте президенттин кеңсеси баштаган бир катар имараттар кулап, көп адамдардын каза тапканы айтылууда. Улуттар Уюмунун имараты да талкалынып, ал жердеги миссиянын башчысы да табылбай жатат. Бүгүн болсо жүздөгөн адамдар жер титирөө дагы болуп кетпесин деп коркуп, көчөдө жүрүшөт. Анткени кийин да күчү 5 жана 6 баллдык эки жер титирөө катталган болчу. Гаитиге АКШ, Франция жана Канада сыяктуу бир катар мамлекеттер жардам жөнөтүүдө. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Гаитиге жардам берилээрин билдирди.

– Кошмо Штаттары Гаитиге жана аймактагы башка жапа чеккендерге жардам көрсөтөт. Биз адамдарды, анын ичинде аскерлерди да, анан гуманитардык жардамды апааттан сактоого жөнөтөбүз. Биз жапа чекккен адамдар үчүн, алардын үй-бүлөсү жана жакындары үчүн тилек кылып отурабыз, - деди Хиллари Клинтон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG