Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Google Кытайдагы ишин токтотушу ыктымал


Интернет айдыңындагы эң ири компаниялардын бири Google Кытайдагы цензурадан кийин бул мамлекеттеги ишин токтотушу ыктымал. Кечээки билдирүүсүндө компания кытайлык укук коргоочулардын электрондук жашигине катуу чабуул жасалганын билдирди.
Башкы менеджер Билл Эчиксондун айтымында, Googleдан тышкары дагы 20 компаниянын серверлерин бузууга аракеттер жасалды. Бул үчүн түздөн-түз Кытай өкмөтүн сынга албаса дагы компания мындан ары аталган мамлекетте ишин жыйынтыктоону ойлонуп жатканын эске салды. Google компаниясынын мындай чечимин алдыңкы укук коргоочулар колдоого алышты. Кошмо Штаттарынын мамлекетти катчысы Хиллари Клинтон Google Кытай бийлигин алдына интернеттеги эркиндик боюнча өтө олуттуу маселе койгонун айтып, буга Кытай өкмөтү өз мамилесин билдириши зарыл деди .

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG