Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Г.Павлюктун өлүмү боюнча биргелешкен тергөө иши башталды


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысы Тилек Мурзакулов бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, 12-январда Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза Казакстан полициясынын өкүлдөрүн кабыл алып, журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүн биргелешип иликтөө боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында эки өлкөнүн тергөөчүлөрү биргелешип иштөө чечимине келишти. Азырынча тергөөнүн жыйынтыктары жок. Кыргызстан журналистти Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-буту таңылып ыргытылып, 22-декабрда өзүнө келбей жатып көз жумган. Казакстан полициясы бул ишке кыргыз жарандары тиешеси бар экенин буга чейин билдирген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG