Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:22

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) Борбор Азия өлкөлөрүнө куш тумоосун алдын алууга көмөктөшүп жатат. Адисттердин айтымында, аталган аймакта мындай тумоонун жайылып кетүү коркунучу жогору.

Аталган уюм Борбор Азияда өлкөлөрүнүн ветеринардык лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, куш тумоосун козгогон вирусту аныктоо, аны аба каттамы аркылуу эл аралык лабораторияга жөнөтүүнүн жол-жоболору боюнча Бишкекте эки күндүк семинар өткөрдү.

ЮСАИДдин куш тумоосун алдын алуу боюнча программасынын ветеринардык адиси Жолдошбек Дадыбаевдин айтымында, тумоону козгогон вирус адам жана канатуулар үчүн өтө коркунучтуу. Ошондуктан вирустун үлгүсүн эл аралык лабораторияга жөнөтүүнүн өзүнүн тартиби бар:

- Үлгүнүн бир бөлүгүн сөзсүз эл аралык лабораторияга жөнөтүү керек. Мындай эл аралык лабораториялардын саны жана аттары атайын Эпизоотиялык бюро аркылуу аныкталган. Бүгүнкү күндө беш лаборатория бар. Буларга сөзсүз жөнөтүш керек. Анткени алар да кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, бул кандай козгогуч, кандай сапаты, өзгөрүүлөрү бар экенин байкап турушу керек. Ушундай эл аралык кеңешилген тартип бар.

Эреже боюнча, куш тумоосун козгогон вирусту аба аркылуу жөнөтүү иштери атайын окутуудан өтүп тиешелүү сертификат алган адиске тапшырылат. Бул адистер эки жылда бир такай семинарга катышып билимин жаңыртып турушу керек, дейт Жолдошбек Дадыбаев:

- Бизде мындай вирустун үлгүлөрүн аба каттамы аркылуу жөнөтүү боюнча тажрыйба жок. Биз эле эмес Борбор Азиядагы беш өлкөдө тең жок. Бул жааттагы эл аралык тажрыйба менен ушул семинарда таанышып, окуп жатышат. Вирустун үлгүсүн жөнөткөн адамдын атайын сертификаты болуш керек экен, авиалиниялар жана лабораториялар менен өзүнчө келишим болуш керек экен. Ошол материалды кантип таңгактоо керек экенин да билиши керек. Өзүнүн таңгактоочу материалдарысыз эл аралык лабораторияга жөнөтүүгө укугу да жок. Мындай коркунучтуу жүктү аба каттамдары аркылуу жүк ташыгычтар да албайт.

Борбор Азия: тажрыйба жетишсиз

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Казакстанда куш тумоосу 2005-жылы катталган. Адисттердин айтымында нымдуу, эл көп жашаган аймактарда бул тумоонун тарап кетүү коркунучу жогору. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу жапайы канаттуулар учуп өтөт, айрымдары кыштап калат. Ошондуктан бул дайыма сактыкты талап кылат.

Түркмөнстан да куш тумоосунун жайылып кетпешине такай көзөмөл салып турат. Аталган өлкөнүн ветеринардык лабораториясынын башчысы Талла Заякина “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бизге келгин куштар көп учуп келет. Учуп келген сайын кырдаалды көзөмөлдөп туруу үчүн атып өлтүрүп алып текшеребиз. Ушундай эле текшерүүну бизде байырлаган куштар учуп кетип жаткан маалда да жүргүзөбүз. Бизде, Каспийде, Аму дарыясындагы көлдө келгин куштар кыштап калышат. Ошондуктан биздин өлкө куш тумоосунун жайылып кетиши өтө ыктымал деген зонага кирет.

Тажикстандагы ветеринардык диагностика боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Тоджиддин Салимовдун айтымында, аталган өлкөдө куш тумоосу, чума жана малдын шарп оорусун козгогон вирустар катталды деп шектенген учурлар болгон. Бул вирусттардын үлгүлөрүн Түркияга мыйзамсыз жөнөтүүгө аракет кылып көрүшкөн. Анткени бул боюнча атайын окутуудан өткөн адисттер жана сертификат жок болчу дейт Салимов

- Мен Түркиянын аба каттамдары боюнча компанияларына бул маселе боюнча кайрылганымда, бизде ушундай жугуштуу вирустарды жөнөтүү боюнча сертификатыбыз барбы же жокпу деп сурашты. Эгерде жок болсо мындай жүктү катардагы жөнөкөй учкуч жеткирип баралбайт дешти.

Учурда куш тумоосу дүйнөнүн алтымыштан ашуун өлкөсүндө катталган. Тумоо негизинен келгин куштардан үй жандыктарына жугуу менен андан ары адамга да тарайт. Адисттердин айтымында Кыргызстандагы Ала-Тоо кыркалары аркылуу Индонезия, Кытайдан жапайы канаттуулар Батыш Сибирге учуп өтөт. Куштар сөзсүз Кыргызстандагы көлмөлөргө токтоп жолун улантышат. Ошон үчүн өлкөдө куш тумоосу катталбайт дегенге кепилдик жок.

Мындай жагдай адистердин эле даяр туруусун эмес, карапайым элден да этият болууну талап кылат. Мал догдурлар ооруп өлгөн үй канаттуулар, дегеле мал-жандыктар тууралуу тиешелүү адистерге дароо билдирүү керектигин, өлүп калган мал этин тамакка эч качан пайдаланбоо зарылдыгын дайыма эскертип келишет.
XS
SM
MD
LG