Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Пан Ги Мун дүйнөнү Гаитиге жардам берүүгө чакырды


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коомчулукту жер титирөөдөн оңоло албай аткан Гаитиге жардам көрсөтүүгө чакырды. Кечээ Гаитиде күчү 7 баллдык жер титирөө болуп, андан 3 миллиондой адам жапа чегип, миңдеген адамдардын каза тапканы айтылууда. Зилзаладан борбор шаар Порт-о-Пренс өзгөчө жабыркады. Ал жерде президенттин кеңсеси баштаган бир катар имараттар жарылып, кулады. Улуттар Уюмунун имараты да талкалынып, миссия башчысы Хеди Аннаби табылбай жатат, ал каза болсо керек деген маалыматтар бар. Гаитиге АКШ, Франция жана Канада сыяктуу бир катар мамлекеттер жардам жөнөтүүдө. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Гаитиге колдоо болоорун билдирди.

– Кошмо Штаттары Гаитиге жана аймактагы башка жапа чеккендерге жардам көрсөтөт. Биз адамдарды, анын ичинде аскерлерди да, анан гуманитардык жардамды апааттан сактоого жөнөтөбүз. Биз жапа чекккен адамдар үчүн, алардын үй-бүлөсү жана жакындары үчүн тилек кылып отурабыз, - деди Хиллари Клинтон.

XS
SM
MD
LG