Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Түрк премьер-министри Д.Медведев менен жолугушту


Бүгүн Москвада ырасмий сапарынын алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр маалында эки мамлекет ортосундагы энергетика, коопсуздук жана экономикалык байланыштарды чыңдоо маселеси козголду. Түркия менен Орусия Кара деңиздин түбү менен өтө турган газ кууруна байланыштуу долбоорду ишке ашырууну макулдашкан болчу. «Түштүк ирим» деп аталган бул долбоор Орусиянын газын Түркиянын аймагы аркылуу Европа мамлекеттерине сатууга багытталган. Эми Режеп Тайып Эрдоган ошондой эле премьер-министр Владимир Путин менен да жолугушуп, эки мамлекеттин кызматташуусун талкуулашты.

XS
SM
MD
LG