Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Тел-Авив Анкарадан кечирим сурады


Израил бийлиги түрк элчисине кылган мамилеси үчүн Түркия бийлигинен кечирим сурады. Премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун кеңсеси эми эки шериктеш өлкө ортосундагы убактылуу чыңалууга чекит коюлат деген үмүтүн билдирди. Дүйшөмбүдө Израил тышкы иштер министринин орун басары Данни Аялон түрк элчисин чакыртып, Түркиянын сыналгысында көргөзүлгөн көркөм тасмага байланыштуу нааразылыгын билдирген. Ал көп сериялуу филмде жөөт тыңчысы ырайымсыз адам катары сүрөттөлгөн. Бул тасманын таасиринин айынан дүйшөмбүдөгү сүйлөшүү маалында Аялон түрк расмий өкүлүнө кол берүүдөн баш тартып, ага кемсинткен мамиле жасаган. Анкара бийлиги болсо расмий Тел-Авивге нааразылыгын билдирип, элчиге карата жасалган жорук үчүн кечирим суроосун талап кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG