Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

Кыргызстанга жыйырма жаңы сейсмикалык станция керек


Бул тууралуу Илимдер академиясынын Сейсмикалык коопсуздук институнунун башчысы Канат Абдрахматов кечээ парламентте Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө мындай станциядан отуз төртөө бар. Бирок алардын теңинен көбүнүн эскилиги эбак жеткен. Бишкектин тегерек четинде он заманбап станция орнтулган. Алар донорлук уюмдардын жардамы аркылуу сатылып алынган. Өкмөт станцияларды алууга эч каражат бөлгөн эмес, дейт К. Абдрахматов. Мындай бир станциянын баасы 30 миңден 40 миң долларга чейин барат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG