Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Бүгүн Петровка окуясы боюнча соттук териштирүү уланат


Айыпталып жаткандардын коомдук жактоочусу Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” анда камалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө өтүнүч жасаларын билдирди. Анын айтымында, тополоңго тиешеси бар деп камакка алынган “Болуш” бирикмесинин башчысы Сапар Аргынбаев менен “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин 26- апрелге чейинки телефондук сүйлөшүүлөрүнүн тизмеси текшерилди. Анда марттын этегинен баштап 26- апрелге чейин бир да жолу сүйлөшпөгөнү анык болгон. Экөөнө жаңжалды уюштуруу иштерин телефон аркылуу жүргүзгөн деген доомат коюлуп жаткан болчу. Өткөн жылы апрель айында Петровкада күрт улутундагы жигит кичинекей орус кызды зордуктады деп нааразыланган жергиликтүү эл айылдагы күртөрдүн баарынын көчүп кетишин талап кылышкан. Тополоңдо бир нече үй талкаланган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG