Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Исаковду актоо талабы менен Бишкекте ачкачылык акциясы уланып жатат


Нааразылык акциясына Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев менен Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков баш болгон тогуз адам катышууда. БЭК 12-январда жыйынга чогулуп, мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду жана Петровка окуясы боюнча соттолуп жаткандарды коргоо боюнча комитет түзгөн. Нааразычылык акциясы Алайда да уланууда. Аймактагы И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Закировдун билдиришинче, акция катышуучулары Сопу-Коргон айылынын кире беришине беш боз үй тигүүнү пландаштырып жатат. Алар ошондой эле ачкачылык акциясын баштоого камынышууда. Оштогу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү нааразылык акциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын талаптарын президентке жеткирүүгө үч күн убакыт сураган. Мөөнөт эртең аягына чыгат. (EBM)

XS
SM
MD
LG