Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

“Ата Мекен” партиясы И.Исаковду колдоп чыкты


Партия бүгүн тараткан билдирүүдө Исмаил Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратылышын моралдык жана юридикалык жактан акылга сыйбаган иш катары баалаган. Генерал Исаков Коопсуздук кеңештин катчысы кезинде энерго-мафияга каршы иш жүргүзө баштагандан тартып, аны куугунтуктоо башталган. Уулу аскер кызматкери болгонуна карабай ага берилген квартираны кайрадан кайтаруусу Исмаил Исаковдун жоопкерчиликтүү, принципиалдуу жана таза инсан экенинен кабар берет. Кызмат абалынан пайдаланып, бардык жакындарын жогорку мамлекеттик кызматтарга коюп алган Курманбек Бакиевдин Исмаил Исаковдон үлгү алуусун каалайт элек, деп белгиленген билдирүүдө. Ошондой эле атамекенчилер Исмаил Исаковго кайрат, бекемдик каалап, көз каранды соттун өкүмүн эл сөзү жокко чыгарарын, Исаков элдик генерал бойдон калаарын белгилешкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG