Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Лейлекте кутурмадан бир киши каза тапты


Бул тууралуу Баткен облустук ветеринардык кызматтын башчысы Эркин Таштанов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн 40 жаштагы тургуну Усманали Муратов кутурмага шектүү деген аныктама менен аймактык ооруканага 13-январда түшүп, бир күнгө жетпей каза болгон. Өткөн жылдын ноябрь айынын акыр ченинде жолбун ит тиштеген Усманали Муратов жергиликтүү дарыгерлерге кайрылган, бирок ал эч кимге маалымдалбастан ошол боюнча калып кеткен. Андан кийин ит каап алган анын аялы жана кызы азыр ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ушул эле айыл өкмөттүн аймагында мындан 3 жыл мурда да кутурмадан бир киши кайтыш болгон эле. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG