Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Кытай чет элдик интернет компанияларды “мыйзамга ылайык” иштөөгө чакырды


Кытай бийликтеринин айтымында, чет элдик интернет компаниялар бизнесин “мыйзамга ылайык” жүргүзгөн шартта, өлкөдө кубаттоого алынат. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жанг Ю бул тууралуу эң ири интернет копаниялардын бири - Google цензурага жана хакердик чабуулдарга байланыштуу өлкөдөн кетерин эскерткенден кийин айтып олтурат. Кытай бийликтери мазмууну саясий жактан ылайыксыз деп эсептелген интернет сайттарды такай блокадалап турат. Google компаниясынын ушул аптадагы билдирүүсүнө караганда, ал мыкты даярдалган хакердик чабуулга кабылган. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кытай тараптан Googleдун дооматтары боюнча түшүндүрмө берүүнү суранды.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, кытай өкмөтү хакердик чабуулдун кандай формасы болбосун каршы. Бул аралыкта кытай парламентинин төрагасы У Банго эки тараптын жакшы мамилесин сактоо үчүн АКШны Кытайдын “негизги кызыкчылыктарын” урматтоого жана “сезимтал маселелерге талаптагыдай мамиле жасоого” үндөдү.

XS
SM
MD
LG