Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Пакистанда жасалган аба соккусунда талиб лидери бутага алынгандай


Бирок АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагы жасаган соккудан Хакимулла Мехсуд өлгөнү же аман калганы белгисиз. Пакистандын коопсуздук өкүлдөрүнүн айтымында, учкучсуз башкаруудагы америкалык учак бүгүн “Техрик –е-Талибан Пакистан” деп аталган топтун таяныч бекети катары эсептелген, Түндүк жана Түштүк Вазирстан чөлкөмүнүн чек арасындагы лагерге бир нече ракета аткан. Андан кеминде он согушкер мерт болгон. Жергиликтүү телеканалдар өлгөндөрдүн арасында Мехсуд да болушу мүмкүн экендигин билдиришти. Бирок Талибандын өкүлүнүн ырастоосунда, Мехсуд аман –эсен. Ал лагерден сокку урулардан бир аз мурда кетип калган. Хакимулла Мехсуд пакистандык талибдердин жетекчилигине беш ай мурда келген. Андан мурдагы жолбашчы Байтулла Мехсуд учкучсуз башкаруудагы америкалык учактын ракеталык соккусунан улам каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG