Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Орус думасы Европа сотун реформалоого жол ачкан документти ратификациялайт


Мамлекеттик Думанын спикери Борис Грызловдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Дума Адам укуктары боюнча Европа сотун реформалоону караган 14- протоколду эртеңки отурумунда ратификациялайт. Парламентте үстөмдүк кылган Бирдиктүү Орусия партиясы документти бир добуштан жактырмакчы. Орусия Европа кеңешине мүчө мамлекеттерден ал протоколду ратификациялабай келе жаткан акыркы өлкө эле. Документ баш кеңсеси Страсбургда жайгашкан соттун ишин жакшыртууну жана доо –арыздардын каралышын тездетүүнү көздөйт. Орус бийликтери соттун Москвага каршы чечимдерин саясий жүйөөсү бар чечим катары утур-утур сындап келишкен. Европа Кеңешине мүчө 47 өлкөдөн Адам укуктары боюнча Европа сотуна берилген доо -арыздардын бештен бир бөлүгү орус жарандарынын үлүшүнө туура келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG